Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Биз таза шаар үчүн

Биз таза шаар үчүн

21 август 2019, Среда
2 858
0
Бүгүн Ош шаарында “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына, “Шаарсууканал” муниципалдык ишканасына ошондой эле “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. 

Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбашов, шаардык Кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери коммуналдык чарба кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Элибизде жакшы сөз бар “эшигин көрүп төрүнө өт” дейт. Ош шаарыбызды жергиликтүү жашоочулар, келген коноктор жана туристер үчүн таза, көрктөнгөн шаарга айландыруу үчүн албетте биринчи кезекте материалдык техникалык базасын камсыздап берүүбүз биздин түздөн түз милдетибиз деп эсептеймин. Шаарыбыз бүгүнкү күнгө чейин өсүп өнүгүп келсе мындан ары өсүп өнүгүүнүн жаңы этаптарына өтүп жатат деп баса белгилеп, алынып келген жаңы техникалар шаарыбыздын өсүп өнүгүшүнө салым кошкон ак жолтой техникалардан болуусун каалап өттү Ж.Ормонов. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)