Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү

Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү

06 февраль 2018, Вторник
4 102
0
2018-жылдын 5-февралында аталган туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү. Күн тартибине ылайык Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери, «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жана Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 13-декабрындагы №16 токтому боюнча Ош шаарынын аймагындагы жеке менчиктеги трансформаторлорду Ош райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүү жөнүндөгү маселелери талкууланды.
Отурумда тиешелүү жетекчилер тарабынан маалыматтар угулуп, депутаттар тарабынан айтылган сунуштарга ылайык Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маселеси Ош шаардык Кеңешинин сессиясына сунушталды. Отурумга туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Бакыт Шоноев, мүчөлөрү, шаардык Кеңештин депутаттары Р.Турдуев, Р.Касымов, С.Бердиев жана маселеге тиешелүү жетекчилер катышышты.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)