Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Эл өкүлдөрү А.Шакиров көчөсүн реконструкциялоо иштери менен жеринде танышуу өткөрдү.

Эл өкүлдөрү А.Шакиров көчөсүн реконструкциялоо иштери менен жеринде танышуу өткөрдү.

27 август 2019, Вторник
2 643
0
      Бүгүн, 2019-жылдын 27-августунда Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Н.Рашев, мүчөлөрү: Н.Алимбеков, Ж.Тажибаев, Х.Хакимов, А.Турдубай уулун камтыган жумушчу топ Ош шаарындагы А.Шакиров көчөсүн реконструкциялоо иштери менен жеринде таанышып келишти.

      Таанышуу учурунда Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын башчысы А.Жунусов реконструкция иштери үстүбүздөгү жылдын октябрь айында аяктаарын, жол асфальтталгандан кийин коммуникацияларды өткөрүү, оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн асфальт казылбай тургандыгын маалымдады. Себеби жолдун ар бир 200 метр аралыгында коммуникациялар үчүн атайын өтмөктөр коюлуп жаткандыгын айтып өттү.
        Аталган көчөнүн реконстукция иштери бүтсө шаардыктар үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар жарала тургандыгы белгиленди.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)