Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизи, Аксакалдар сотторунун негизги милдеттери.

Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизи, Аксакалдар сотторунун негизги милдеттери.

27 август 2019, Вторник
2 959
0
      Бүгүн, 2019-жылдын 27-августунда, Ош шаардык Кеңешинин жыйындар залында, Ош шаардык Кеңеши, Ош шаардык сотунун төрагасы К. Матисаков менен алдын-ала макулдашылган тартипте, Ош шаардык Аксакалдар сотторунун квалификациясын жогорулатуу жана аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өз ишмердүүлүгүндө так жана туура колдонууну үйрөтүүгө багытталган, аксакалдар сотторун окутуу-семинар болуп өтүү. 

        Семинардын алдында, Ош шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ормонов сөз алып, өз сөзүндө “окутуу-семинардын өткөрүүнүн максаты жана себептери жөнүндө катышуучуларга маалымат берип кетти”.
 
Андан кийин, Ош шаардык сотунун төрагасынын сунушу менен катышуучу аксакалдар сотторуна, Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамын түшүндүрүү үчүн Ош шаардык сотунун судьясы Кадырова Адинахан Сулеймановнага сөз берилди. А. Кадырова өз сөзүндө Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизи, Аксакалдар сотторунун негизги милдеттери, Аксакалдар соттору караган иштер (материалдар) жана алардын мөөнөттөрү, колдонуучу таасир көрсөтүү чаралары” туурасында түшүнүк берип, айтып өтүү. Кошумча иретинде, Ош шаардык сотунун төрагасы К.Матисаков “Аксакалдар сотторуна, усулдук жардам көрсөтүү, жергиликтүү сотторго жүктөлгөндүгүн айтып, Аксакалдар сотторунун өз иштеринде айкындуулуктуу жана акыйкатты камсыз кылууда, мыйзам талаптарын колдонуу менен алардын эл арасында аброюн көтөрүүгө жетет” деп белгилеп өттү.

Жыйынтыгында, катышуучулар суроо узатып, аларга толук жана негиздүү жооп алышып, бири-бирине ыраазычылыктарды билдирип, мындай иш-чара ар дайым өтүп турса, коомчулукта, мыйзам үстөмдүгү орнотулуп, укуктук мамлекет түзүү жолунда чоң салым кошооруна токтолушту.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)