Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Билим берүү кызматкерлеринин Август конференциясы болуп өттү.

Билим берүү кызматкерлеринин Август конференциясы болуп өттү.

30 август 2019, Пятница
7 856
0
Бүгүн, Ош шаарында август конференциясы болуп өттү. Ишчарга КРнын жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Касымалиева баштаган Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Нурбаев жана А.Алтыбаева, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбашов, Ардагер мугалимдер, мектеп жана бала бакча   директорлору жана билим берүү кызматкерлери катышышты.

             Билим берүү тармагынын алгылыктуу багытын аныктап, аны ишке ашырууга жана практикада колдонуу үчүн чечимдерди кабыл алып жатабыз, ошондуктан бүгүнкү болуп жаткан конференция мезгилдин талабы. Дүйнөлүк практикада баарыбыз көрүп билип тургандай мугалимдердин, ата энелердин, коомчулуктун иш аракети бул келечек муундарды калыптандырат. Ошондуктан билим деңгээлин жогорулатууну биринчи орунга коюп, баарыбыз биргеликте татыктуу  келечек муундарды тарбиялоодо баарыбыз биргиликте иш алып баруубуз керек деп баса белгиледи Ж.Ормонов.

             Ошондой эле жалпы конференциянын катышуучуларын келе жаткан эгемендүүлүк күнү менен жалпы депутаттардын атынан куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.  
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)