Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу куруучулар!

Урматтуу куруучулар!

12 август 2022, Пятница
790
0


Сиздерди, Кыргыз Республикасынын куруучуларынын кесиптик майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын жүрөктөн куттуктайм. 

Курулуш тармагы болуп көрбөгөндөй тездик менен өлкөбүздүн экономикасына, социалдык абалын жакшыртууга эбегейсиз салым кошуп келе жатат. 

Бүгүнкү күнү куруучулар заман талабына ылайык алдыңкы технологияларды келечектүү долбоорлорду иштөөдө кеңири колдонуп, көптөгөн курулуштарды, анын ичинде социалдык обьектилерди ийгиликтүү куруп жатышат. Жаңы мектептер, балдар бакчалары, ооруканалар, суу түтүктөрү жана жолдор, тротуарлар курулуп элибиздин жашоо-шартын жакшыртуу жакшы жолго коюлуп келе жатат. 

Калкты үй менен камсыздоодо турак-жайлардын темпи өстү, буга далил курулуш фирмаларынын шаарыбыздагы көп кабаттуу үйлөрдүн салынып жатышы жана шаарыбыздагы муниципалдык ипотекалык ишканасы. Шаардыктардын жашоо-шартына карата үйлөрдүн салынып, элибизге ипотекалык шартта берилип жатышы Республикалык деңгээлде биринчилерден болуп эсептелет.

Бул майрам күнү куруучулардын жана инженер-долбоорчулардын кесипкөйлүгүн жана жоопкерчилигин белгилөө зарыл. Алар заман талаптарына ылайык, сапаттуу жана өз убагында шаардагы пайдаланууга берилген обьекттердин саны күн санап өсүп жаткандыгы, ал иштерди аткарууда майрам ээлеринин иш билгилиги, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн архитектуралык дизайн иштерин кароодо биздин архитекторлор, жол куруучулардын  иштери кубандырбай койбойт.

 Жергиликтүү бийлик менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан   шаарыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө, элдин жашоо-шартын жакшыртууда бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Ал иштерде жогоруда аты аталган мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин эмгеги зор деп айтсак жаңылышпайбыз. 

Урматтуу куруучулар!

Сиздердин талыкпаган жана оор эмгегиңиздер элдин сый-урматына жана ыраазычылыгына татыктуу. 

Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздарда сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бакыт жана ишиңиздерге ийгиликтерди, ал эми жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун. 

Майрамыңыздар менен! 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)