Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

Туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

09 сентябрь 2019, Понедельник
2 799
0
Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.
       Отурумга комиссиянын төрагасы Б.Шоноев, мүчөлөрү Р.Турдуев, Р.Касымов катышып, күн тартибине ылайык Ош шаарынын жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча маселе каралды. 

        Жогоруда аталган маселе боюнча Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери баяндама жасап, депутаттар тарабынан кызуу талкууланып, Ош шаарынын жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча маселе Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)