Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Мамлекеттик тил- биздин тарыхыбыздын жана маданиятыбыздын өзөгү.

Мамлекеттик тил- биздин тарыхыбыздын жана маданиятыбыздын өзөгү.

20 сентябрь 2019, Пятница
3 024
0
Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик тил кыргыз тилинин кабыл алынгандыгынын 30 жылдык майрамы белгиленди.
             Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Каналиев, Ош шаарынын биринчи вице-мэри С.Турдуев, мугалимдер жана студенттер катышышты. 
             Элибиз өзүнүн көп кылымдык тарыхында бирде улуу мамлекетке айланса, бирде чачырап, кыйын күндөргө туш келгенин тарыхтан жакшы билебиз. Бирок кандай гана заман болбосун Н. Байтемировдун бир ырында “Кыргында жанын берсе да, Кыргызым тилин берген жок”-деп айтылгандай, элибиз эч качан тилин, дилин бербей сактап келген деп белгиледи Б.Каналиев.
             Ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун жана жалпы депутаттардын атынан эне тилибиздин мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 30 жылдык майрамы менен куттуктап, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан мугалимдерди, мекеме кызматкерлерин Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйлады.  
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)