Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » ART-ОРДО VII Эл аралык театралдык фестивалы Ош шаарында.

ART-ОРДО VII Эл аралык театралдык фестивалы Ош шаарында.

24 сентябрь 2019, Вторник
2 897
0
КРнын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине арналган ART-ОРДО VII Эл аралык театралдык фестивалынын ачылуу аземи өттү.
       Иш чарага КРнын Президентинин кеңешчиси С.Раев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү У.Жылкыбаев, Ош шаарынын биринчи вице-мэри С.Турдуев жана Кыргызстан, Оруссия, Казакстан, Туркия, Өзбекстан, Азердбейжан, Таджикстан мамлекеттеринен келген маданият кызматкерлери ошондой эле жергиликтүү тургундар катышышты. 
       Төрага жалпы ART-ОРДО VII Эл аралык театралдык фестивалынын катышуучуларына Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан терең ыраазылык билдирип, Жамал Сейдакматованын 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, шаардык Кеңешинин куттуктоо баракчасын жана баалуу белектерин тапшырды. 
       Биз Сиздин талыкпаган эмгегиңизге жана кайталангыс баалуу чыгармачылыгыңызга таазим этебиз деп билдирди Ж.Ормонов  
       Андан соң М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын “ЖАМИЙЛА” спектакли көргөзүлдү 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)