Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму улантылууда

Убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму улантылууда

18 август 2022, Четверг
607
0

Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 9-мартындагы №6 буйругунун негизинде, муниципалдык мүлктүн эффективдүү пайдаланылышын, салык эмес кирешелердин түшүүсүн көбөйтүү жолдорун аныктоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү.

Көчмө жыйынга  Б.Жолдошбаев төрагалык кылып, комиссиянын мүчөлөрү  А.Айтбаев, Б.Баетов, А.Эркин уулу, З.Толубаев,   жана Э.Раимов, Э.Арзиевдер катышты.


Көчмө жыйындын жүрүшүндө депутаттар Ош шаарынын Мээрим, Токтогул жана Навои парктарындагы, Ош шаарынын борбордук базарынын алтын сатылуучу базардагы ижарачылардын иш аракеттери менен таанышып чыгышты. 

Өз учурунда аталган парктардагы жер тилкелери төмөн баада ижарага берилгендиги, ижара келишимдеринде инфляциянын деңгээли эске алынбагандыгы, ижарачылар тарабынан жер тилкелерин субарендага жогорку баа менен берген учурлары бар экендиги аныкталды. 

Мындан тышкары Навои эс алуу багы базарга айланып бараткандыгы депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн нааразычылыгын пайда кылды. Ал эми алтын базары жайгашкан жер тилкесин пайдалангандыгы үчүн, ижара келишими жок экендиги аныкталды.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча муниципалдык мүлктү эффективдүү пайдалануу боюнча маселени шаардык Кеңештин сессиясына сунуштоо чечими кабыл алынды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)