Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXII сессиясы болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXII сессиясы болуп өттү.

26 сентябрь 2019, Четверг
2 527
0
Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXII сессиясы болуп өттү. Сессияны Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов алып барды. 
            Төрага сессиянын жүрүшүндө шаарыбыздагы жетишкендиктер жана ийгиликтер жөнүндө айтып, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” элибизге жакшы шарттарды түзүүгө баарыбыз биргеликте аракет кылууга чакырам деп белгиледи. Ошондой эле депутаттык курамда “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Абдырахманов Оёнбек Эмиловичтин ордуна Раимов Эмилбек Жеңишбековичке мандат берилгендигин билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады. 
            Сессияда күн тартибине ылайык 2018-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө, 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету, Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгын кароо жөнүндө, Ош шаардык саламаттык сактоо мекемелеринин калкка көрсөтүп жаткан кызматынын натыйжалуулугу жөнүндө жана башка жалпы тогуз маанилүү маселелер каралды.
             Баардык маселелер эл өкүлдөрү тарабынан кызуу талкууга алынып, аткаруу бийлигине сунуштар берилип, милдеттенмелер жүктөлдү. 
Талкуулоо

Окшош жаңылыктар:

Пикир калтыруу
Пикирлер (0)