Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » 2023-жылдын 31-январында Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

2023-жылдын 31-январында Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

31 январь 2023, Вторник
385
0

2023-жылдын 31-январында Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.


Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда, комиссиянын төрагасы М.Маматов, депутаттар-комиссия мүчөлөрү Д.Абдибаева, И.Турдуев, Т.Жээналиев, А.Салиева, Ашимжан кызы Айпери, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Баетов жана шаардык мэриянын, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен шаардагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин кыш мезгилин өткөрүү боюнча аткарып жаткан  иштери жөнүндө,  шаардагы ээлери аныкталбаган электр көмөк чордондорун райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүү боюнча жумушчу топтун аткарып жаткан иштери жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын эскилиги жеткен, жараксыз болуп калган автоунааларын эсептен чыгаруу боюнча маселелер каралды.

Депутаттар тарабынан шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен суроо-жооптор болуп, талкууланып жана тапшырмалар берилип, туруктуу депутаттык комиссия чечимдерди кабыл алды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)