Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Кыргыз-Өзбек университетине 25 жыл

Кыргыз-Өзбек университетине 25 жыл

01 октябрь 2019, Вторник
2 732
0
Бүгүн Кыргыз-Өзбек университетинин 25 жылдыгы ошондой эле академик М.Т.Мамасаидовдун 70 жылдык маарекесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.
          Иш чарага КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери А.Касымалиева баш болгон Жогорку Кеңешинин депутаттары, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбышов, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү, окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты. 
          Төрага университеттин басып өткөн тарыхына кенен токтолуп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жаштарга татыктуу тарбия берип, мыкты келечек ээлерин тарбиялап келе жатасыздар деп Кыргыз-Өзбек Университетинин ректору Ч.Райымбаевге жана эмгек жамаатына  ыраазычылык билдирди.
         Университеттин түптөлүшүнө өзүнүн чоң салымын кошкон академик М.Т.Мамасидовду 70 жылдык кутман курагы менен куттуктап, эли жери үчүн талыкпай дагы да көптөгөн кызматтарды кыла берүүсүнө тилектеш экендигин билдирип, Ош шаардык Кеңешинин баалуу белегин белекке тапшырды. Ошондой эле  алдыңкы окутуучуларга Ош шаардык Кенешинин Ардак грамоталарын тапшырды.    
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)