Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын Ош шаарынын күнүнө карата куттуктоо сөзү

Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын Ош шаарынын күнүнө карата куттуктоо сөзү

04 октябрь 2019, Пятница
3 077
0
Урматтуу Ордолуу Ош шаарынын тургундары!
Кадырлуу шаарыбыздын коноктору!
«Кыргыз жерим эң сонун, кыйласынан Ош сонун» деп айтылгандай сиздерди сүйүктүү Ош шаарыбыздын майрамы менен шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм!
Ош шаарыбыз Сулайман-ТоожанаАк-Буура дарыясы менен атактуу жана өлкөбүздүн «Түштүк борбору» деген макамга ээ. 
Ар нерсенин өзүнүн жаралыш тарыхы, себеби болот. Ош шаарынын Түштүк борбору аталышынын да өз себеби бар. Биринчиден, Ош шаары кылымдарды карыткан дүйнөдөгү эң байыркы, республикабыздагы чоң шаарлардын бири, «Жибек жолунун» түйүнү. 
Экинчиден, Ош шаары өзүнүн өнөр-жайы, жогорку квалификациялуу адистерди даярдап жаткан бир нече жогорку окуу жайлары, заман талабына шайкеш иш алып барып жаткан маданий, илимий мекемелери бар, көп улуттуу эли менен сыймыктанган касиеттүү шаар. Эң негизгиси Ош шаары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндө өзгөчө   орду бар салмактуу шаар. 
 Андыктан бекеринен «Ош шаары – Кыргызстандын жүрөгү» деп айтылбаса керек.
 «Ынтымакты достук менен бекемдеп, Ата-бабам Ошту келген мекендеп» дегендей, ынтымак-ырашкерликте, биримдикте, бири-бирине сый-урмат көрсөтүп жашап келген элибиз шаарыбыздын ар тараптан өнүгүүсүнө жан аябай ак эмгектери менен кызмат кылышып келишүүдө.
Мамлекетибиз эгемендүүлүктү алгандан бери шаарыбыздын жашоо турмушу бирде ылдый, бирде жогору көтөрүлүп, аны биримдүү элибиз чыдамкайлык, сабырдуулук менен жеңди. 
Ар бир шаардын тургуну биримдикти туу тутуп, өнүгүү жолуна түштү.
 Өзгөчө кийинки жылдары сүйүктүү шаарыбыз Түштүк борбору статусуна ылайык келип, мартабасы жогорулады. Бул жетишкендиктерге  баарыбыз күбө болуудабыз. 
         Бүгүнкү күндө биз мамлекет башчыбыздын өнүгүүгө карай жасап жаткан бардык аракеттерин колдоого алып, туруктуулукту, тынчтыкты сактоодо колубуздан келген аракетибизди жасап, мекенибиздин, анын ичинде шаарыбыздын келечеги жана өсүп-өнүгүүсү өз колубузда экендигин көрсөтүп келе жатабыз.
         Анткени, баарыбыздын максатыбыз да, тилеген тилегибиз да гүлдөгөн келечек, туруктуу түбөлүк, тынчтык өкүм сүргөн мамлекет десем эч жаңылбаган болоор элем.
         Урматтуу мекендештер, ылайым баарыбыздын ушул аруу максат-тилектерибиз ишке ашсын.
        Ордолуу Ош шаарыбыз ар тараптан гүлдөп, өсүп-өнүгө берсин. Ал үчүн мамлекетибиздин жана Ордолуу шаарыбыздын чыныгы мекенчил жараны катары баарыбыз өз салымыбызды кошолу. 
          Ылайым Ошум аман болсун, тынч болсун! Жылдызы жанып, асманы ачык болсун! Кылымдарды каарыткан касиеттүү шаарыбызда жашаган элибиз дайыма бар болсун!
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)