Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин коомдук угуусу болуп өттү

Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин коомдук угуусу болуп өттү

09 февраль 2023, Четверг
480
0

    Бүгүн, 9-февралында Ош шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу Ош шаарынын тургундарынын, Ош шаардык Кеңешини депутаттарынын, Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана “Интербилим” коомдук бирикмесинин катышуусунда кызуу талкуу менен өттү. 

   Бул иш-чара Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга долбоору жана 2024-2025-жылдар болжолу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык жергиликтүү бийлиги тарабынандаярдалган.

    Доолбор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик жана Салык кодекстеринин, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамдарынын, ошондой эле 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылыштарынын негизинде түзүлүп, иш чаранын программасына ылайык коомдук угууну Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков алып барды. 

  Ал өз сөзүндө бюджеттик угууларды өткөрүүнүн максаты, бюджеттин каражаттарын кайсыл багыттарга жумшалуусу боюнча элге кеңири маалымат таратуу менен бюджеттин ачык айкындуулугуна жетишүү жана кызыкдар тараптардын катышуусу менен көйгөйлөрдү эл алдында кеңири талкулоо жана бул өз кезегинде бюджеттик каражаттардын калктын кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандыгына ишенимдүү болууга мүмкүнчүлүк берерин белгилеп кетти.

   Залдагы катышуучулар Ош шаарынын 2023-жылдагы бюджети боюнча кызыккан суроолорун беришти. Суроолор кагаз жана ооз-эки түрүндө берилип, жеринде жооптор берилди. Ал эми кагаз түрүндөгү суроолорго Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте каралып, жооптору Ош шамы газетасы жана сайттар аркылуу берилери белгиленди. Коомдук угууда айтылган сунуштар Ош шаардык Кеңешинин сессиясында Ош шаарынын 2023-жылдын бюджетин кароодо эске алынаары белгиленди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)