Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Убактылуу комиссиянын отуруму болуп өттү

Убактылуу комиссиянын отуруму болуп өттү

13 февраль 2023, Понедельник
403
0

         Бүгүн, 13-февралда Убактылуу комиссиянын отуруму болуп өттү. 

    Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №94 токтомуна ылайык, Ош шаарынын Набережный көчөсүнүн 2 “А” дарегинде муниципалдык шартта курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынан жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнөн турган убактылуу комиссия түзүлүлгөн.

  Аталган комиссиянын отурумуна комиссиянын мүчөлөрү, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси жана "Дельта-Лот" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси катышышты. 

      Ош шаарынын Набережный көчөсүнүн 2 “А” дарегинде муниципалдык шартта курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшү жөнүндө бир нече суроолор берилип, эл өкүлдөрү тарабынан кызуу талкууга алынды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)