Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ордолуу Ош шаарынын күнү менен куттуктайбыз!

Ордолуу Ош шаарынын күнү менен куттуктайбыз!

07 октябрь 2019, Понедельник
2 801
0
        Ош шаарынын күнүнө карата өткөрүлүп жаткан түрдүү багыттагы майрамдык иш чаралар А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо өткөрүлгөн белгилүү эстарда жылдыздарынын катышуусундагы гала концерт менен жыйынтыкталды.
        Майрамдык салтанатта Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдор шаардыктарды куттукташып, касиеттүү шаарыбыздын зоболосу дайыма бийик болуп, өсүп өнүгө берсин деген каалоо тилектерин билдиришти.   
        Майрамдык концерттик программада республикабыздын белгилүү аткаруучулары менен бирге Казахстан жана Узбекистан республикаларынан келишкен белгилүү эстрада жылдыздарынын ыр, бийлери шаар тургундарына тартууланды. 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө арналган иш чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлүп, шаар тургундарына жана башка өлкөлөрдөн келген конокторго жагымдуу маанай калтырды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)