Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Төрага, Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынына катышты.

Төрага, Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынына катышты.

09 октябрь 2019, Среда
2 608
0

       

         Жыйынга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбашов, вице-мэрлер, коллегиянын мүчөлөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

        Жыйындын башталышында жаңы дайындалган жетекчилер тааныштырылып, КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелерди боюнча мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана этностор аралык мамилелериди чыңдоого кошкон салымдары үчүн, бир катар жетекчилер төш белгилер жана Ардак грамоталар менен сыйланды.  

         Күн тартибине ылайык “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын 8 ай ичинде аткарган ишмердүүлүгү жөнүндө, Ош шаарынын экономикалык тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдардагы күзгү-кышкы өнөктүгүнө даярдык көрүү иш-чараларынын аткарылышы жөнүндө маалымат боюнча маселелер каралып, кызуу талкууланып, кемчиликтер жана жетишкендиктер боюнча кенен талкуу жүрдү. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)