Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарын 2023-2026-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы боюнча коомдук угуу болуп өттү

Ош шаарын 2023-2026-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы боюнча коомдук угуу болуп өттү

28 февраль 2023, Вторник
469
0


   Бүгүн, 28-февралда Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында Ош шаарын 2023-2026-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорун кароо боюнча шаардын коомчулугунун катышуусунда коомдук угуу иш-чарасы болуп өттү.

Бул иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталгычтагы орун басары Кушбак Шайиев катышып, сөз сүйлөдү.

     Ал өз сөзүндө шаардын социалдык-экономикалык өнүгүсүнүн негизин түзгөн ишкерликти жана өнөр-жай өндүрүшүн өнүктүрү боюнча аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана өнөр жай зоналарын уюштуруу маселелерине көңүл буруу зарылчылдыгын белгилеп, өз сунуштарын айтып өттү.

    Андан соң коомчулуктун кароосуна сунушталган программанын талкуусу тармактар боюнча секцияларда улантылып, жыйынтыгында катышуучулардын сунуштары жалпыланып, программанын долбооруна сунушталды.  

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)