Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктоосу

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктоосу

03 март 2023, Пятница
491
0

«Урматтуу шаардыктар!


    Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен чын дилимден куттуктаймын!


   Өлкөбүздүн эгемендиги менен эркиндигин айгинелеп турган Мамлекеттик туубуз улуу кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн, тарыхый басып өткөн жолун чагылдырып турат.


    Эзелтеден эле элибиз кызыл туунун астында бир муштумдай биригип, өз алдынча мамлекет, өз алдынча элболууга умтулуп, намысын бийик кармап келишкен.

   Ошентип тарыхта кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүп, даңазаланышына желбиреген кызыл туубуз айныгыс далил болуп берет.  Бүгүнкү күндө кызыл туубузга мамиле улам тереӊдеп, ага урмат-сый артылып барат. Арбир кыргызстандык жарандын, айрыкча, жаштардын, Ата Мекенге болгон атуулдук ыйык сезимин, патриоттук духун көтөрүп, Мекенин сүйүүгө түздөн-түз идеологиялык кызмат аткарууда.

     Мына бүгүн дагы ата-бабаларыбыздын салтын улай, өлкөнүн келечеги үчүн бир туунун астында биригип, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» албан-албан чоң ийгиликтерди жараталы. Эрдиктин, тайманбастыктын символу болгон туубуздун кызыл түсү эзели оңбосун, бакубаттуулукту, байыркы кырк уруунун биримдигин чагылдырган күн нурлары эчкачан өчпөсүн, алэми элибиздин ынтымагынын белгиси болгон түндүгүбүз түшпөсүн.

Улуттун улуу максатын, кечээгиси менен келечегин чагылдырып турган, аталарыбыздын табериги— кызыл туубуз түбөлүк желбиреп турсун!


       Максатыбыз – мамлекет үчүн өз өмүрүн аябаган ата-бабаларыбыздын көксөгөн кыялын жана үмүтүн актоо. Максатташ коом гана дайрадай зор күч болот, өркүндөп өсөт. Ушул жаркын майрамда бардык мекендештерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта, биримдикте гүлдөп өнүгө берсин! Өлкөбүздүн ачык асманы алдында ар дайым Кыргызстандын Мамлекеттик туусу бийик желбирей берсин!»


Урматтоо менен,

С. Назылбеков.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)