Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Автомобиль транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Автомобиль транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

25 октябрь 2019, Пятница
3 130
0
           Бүгүн, Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Каналиев, Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев жана шаардагы автоунаа ишкаларынын кызматкерлери катышышты.
           Б.Каналиев кесиптик майрам ээлерин Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун жана жалпы эл өкүлдөрүнүн атынан кызуу куттуктады. 
           Ал өз сөзүндө автомобилдик транспорттун ишинин эффективдүү болушуна биринчи кезекте автожолдордун абалы жакшы болуусу шарт, жолдор дайыма өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн негизги фактору болгон жана мындан ары да мамлекетибиздин саясий, экономикалык жана социалдык маселелерин чечүүдө чоң салым кошо бермекчи деп, жол жана транспорт ишканалары, айдоочулар жана жол кызматкерлери өздөрүнүн кыйын, жооптуу, өтө керектүү жана маанилүү жумушту чын дилден аткарууга тийиш жана аткарып келе жатасыздар деп белгилеп, шаарыбыздын транспорт тармагынын өнүгүүсүнө жана шаардыктарга транспорттук кызмат көрсөтүүгө салымын кошуп келе жаткан кызматкерлерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйлады.  
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)