Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин.

Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин.

28 октябрь 2019, Понедельник
3 067
0
        Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери, филасофия илимдеринин доктору Батырали Сыдыковдун 80 жылдык маарекесине арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.
        Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Ош шаарынын мэри Т.Сырабашов, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси И.Жунусов, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Б.Юсупов, коомдук ишмер Ж.Жолдошева, замандаштары, бир туугандары, университеттин окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты.
        Төрага өз сөзүндө, Батырали Сыдыковдун басып өткөн жолун, коомдогу үлгүлүү иштери жөнүндө кенен токтолуп, ал кишинин жасаган иштери келечек муундарды тарбиялоодо үлгү боло турганын баса белгиледи. 
        Ошондой эле илимий конференцияда “Батырали Сыдыков-чыгаан филосов, окумуштуу”, “Батырали Сыдыков- мамлекеттик жана коомдук ишмер”, “Батырали Сыдыков жана кыргыз дипломатиясынын негиздери” деген темаларда баяндамалар жасалды.   
 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)