Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбековдун Аялдардын Эл аралык күнү 8-март майрамына карата куттуктоо сөзү

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбековдун Аялдардын Эл аралык күнү 8-март майрамына карата куттуктоо сөзү

08 март 2023, Среда
295
0


Урматтуу айымдар! Апалар, эжелер,

карындаштар!

      Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан Сиздерди жаздын жарчысы болгон 8-март Аялдардын Эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын. 

       Дүйнөдө аялзаты бар болгон үчүн ар бирибиздин жашообуз мээримге, жакшылыкка бөлөнүп, өзгөчө мааниге ээ. Кылымдар кыйырында элибиз аялзатына өзгөчө сый-урмат менен мамиле жасап, жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрүн айтып, ардактап, даңктап келген. 

Анткени сиздер үйдүн кутусуңар, жашообуздун учугун улаган балдарыбыздын мээримдүү энесисиңер, сүйүктүү жарсыңар. Биз, сиздердин мээримиңиздерге, кайратыңыздарга терең таазим этебиз!

   Аял-эне, Аял-үйдүн куту, коомдун туткасы дегендей, салттарыбызды, тилибизди, маданиятыбызды, элибиздин бүтүндүгүн, көп улуттан куралган Ош шаарыбызды, көптөгөн сыноолордон сактап калууда Сиздердин салымыңыздар зор. 

       “Апа”, “Аял” - бул ааламдагы эң ыйык сөздөр. Бул сөздүн ичинде мээримдүүлүк, улуулук, сулуулук камтылган. Ылайым турмушуңуздарда бактылуу күндөр арбын болсун! Балдарыңар, жакындарыңар ар дайым кубаныч жана жакшылык тартууласын! 

          Сиздер күн сайын белек алуугаурмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар. Сиздерге жана Сиздердин жакындарыңызга ачык асман, бейпил заман, бардар турмуш, үй-бүлөөлүк бакты-таалай, бакубат ден-соолук каалайм.


Майрамыңыздар менен!


Салман НазылбековОш шаардык

Кеңешинин төрагасы. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)