Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын көчмө жыйыны болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын көчмө жыйыны болуп өттү

09 март 2023, Четверг
378
0


       Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасында көчмө жыйын уюштурду.

      Туруктуу комиссиянын ишине комиссиянын депутаттары Айгул Салиева, Ильяз Турдуев, Айпери Ашимжан кызы, комиссиянын төрагасы - Мирбек Маматов жана Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы - Шахназар Бакир уулу, Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы - Болотбек Баетовдор катышты.

          Жолугушуунун жүрүшүндө шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын башчысы Саибжан Турдуев бүгүнкү күнгө Ош шаарындагы муниципалдык коомдук автоунаалардын абалы жөнүндө маалымат берип, шаардагы муниципалдык автоунаалардын техникалык абалын кароо, оңдоп-түзөө иштерин жана жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөөнү кеңейтүү зарылчылыгы жөнүндө токтолду.

      Көчмө жыйындын жыйынтыгында туруктуу депутаттык комиссия төрагалары жана мүчөлөлөрү-депутаттар тарабынан жүргүнчүлөргө тейлөө сапатын жакшыртуу, айдоочулардын маянасы, ишканага алына турган автоунаалардын сапаттык жагын кароо, автопаркты этап-этабы менен жаңылоо боюнча сунуштарын берип, өз ой-пикирлерин билдиришти


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)