Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Төрага Ж.Ормонов Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынына катышты.

Төрага Ж.Ормонов Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынына катышты.

30 октябрь 2019, Среда
2 640
0
                Ош шаардык мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өтүү. Жыйынга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбашов, коллегиялык жыйындын мүчөлөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
               Күн тартибине ылайык, Ош шаарынын 2019-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун жүрүшү жана 2019-жылдын IV кварталына карата милдеттер жөнүндө маселе каралып,  андагы жетишкендиктер жана кемчилдиктер жөнүндө кенен талкуу болуп, айрым жетекчилерге сын-сунуштар, тапшырмалар берилди.  
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)