Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » “Менин милициям-мени коргойт” деп элибизде сыймык менен айтылып жүргөн Кыргыз милициясына 95 жыл.

“Менин милициям-мени коргойт” деп элибизде сыймык менен айтылып жүргөн Кыргыз милициясына 95 жыл.

01 ноябрь 2019, Пятница
3 980
0
              Бүгүн Кыргыз Республикасынын милициясынын 95 жылдыгы Ош шаарында белгиленди.

              Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбашов, шаарыбыздагы күч органдарынын башчылары, милиция кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери катышты.
             
              Төрага өз сөзүндө 95 жылдык тарыхы бар бул өзгөчө жооптуу кесипти өз ыктыяры менен аркалап, жан дили менен берилип кызмат өтөп, билимин баардык күч аракетин жумшап, элибиздин тынчтыкта, бейпилдикте жашоосун камсыз кылып келе жатасыздар деп белгиледи. 

              Ошондой эле, ардактуу кесип ээлерин Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктап, Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйлады.  
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)