Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өттү

19 август 2022, Пятница
553
0
     Бүгүн, 19-августа Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болду. Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Э.Арзиев алып барды. Отурумдун күн тартибине 8 маселе сунушталып, Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчету жөнүндөгү маселе эл өкүлдөрү тарабынан кызуу талкууланып, талкуунун жыйынтыгы менен сессиянын кароосуна сунушталды.
Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаарында ташылып чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын замандын талабына жана санитардык эрежелерге ылайык жайгаштыруу үчүн жаңы полигон курууга Европа инвестициялык банкынан 3 млн. евро өлчөмүндө кредит алууга макулдук берүү жөнүндөгү маселе да талкууланып, сессиянын кароосуна сунушталды. Жыйынтыгында күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тиешелүү чечимдери кабыл алынды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)