Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиясынын көчмө отуруму болду.

Туруктуу депутаттык комиссиясынын көчмө отуруму болду.

14 ноябрь 2019, Четверг
2 440
0
            Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы өзүнүн иш планына ылайык, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунда көчмө отурум өткөрдү.
           Отурумга туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы А.Осмонов, мүчөлөрү С.Курбаназаров, С.Нуркамилова, Т.Жунусов, Е.Рузиева жана бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Батыров катышышты.
Эл өкүлдөрү аталган мекеменин ишмердүүлүгү менен танышышып, мекеменин директору Н. Чомоевдин маалыматын угушту жана суроолоруна жоопторду алышты.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)