Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнө 95 жыл

Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнө 95 жыл

20 ноябрь 2019, Среда
3 058
0
Бүгүн Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 95 жылдык мааракеси Ош шаарында белгиленди. Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев, укук коргоо органдарынын жетекчилери, прокуратура кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери катышышты.             Төрага өз сөзүндө прокуратура кызматы дайыма мамлекеттик органдардын системасында өзгөчө орунду ээлеп келет, Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана ишиңиздерге берилгендигиңиздер менен мыйзамдардын так сакталышын камсыз кылуу, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугу, элибиздин укуктарын жана эркиндигин коргоо менен байланыштуу экендиги талашсыз деп белгиледи.              Ошондой эле жалпы прокуратура кызматкерлерин Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кесиптик майрамы менен куттуктап, шаардык Кеңештин баалуу белегин тапшырып, Ардак грамоталары менен сыйлады.  
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)