Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

16 март 2023, Четверг
326
0

    2023-жылдын 16-мартында Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму  болуп өттү. 

     Күн тартибине киргизилген маселелер кеңири талкууланып, Ош шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган Ош шаарынын «Улуу Жибек жолун жандандыралы» 2023-2026-жылдарга карата Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык жактан коргоо программасынын долбоору талкууланып, эл өкүлдөрүнүн сунуштарынын негизинде программанын долбоору сессиянын күн тартибине сунушталды. 

    Ошондой эле, Ош шаарынын жашоочулары тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттары каралып, тийешелүү чечимдер кабыл алынды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)