Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында «Нооруз-2023» элдик майрамы белгиленди

Ош шаарында «Нооруз-2023» элдик майрамы белгиленди

21 март 2023, Вторник
549
0

   Бүгүн, Ордолуу Ош шаарыбыздын борбордук аянтында жан дүйнөнү тазарткан биз үчүн баалуу болгон “Нооруз” майрамы белгиленди. 


    Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар, жаштар, калаа тургундары жана коноктор катышты.

   Алар майрамдык сүмөлөк даярдоого катышып, Нооруз майрамына карата каалоо-тилектерин айтышты. Салтанат концерттик программа менен коштолду

    Майрамга келгендерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев куттуктады.    

    Иш-чаралар сүмөлөк даярдалган  борбордук аянтта башталды. Андан соң көргөзмө-жарманке ачылып, анда улуттук тамак-аштын түрлөрү коюлуп, ишкерлер, сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөр өз буюмдарын тартуулашты. 

     Борбордук аянтта элдик ыр-бий топторунун, шаардык театрлардын, облустук филармониянын артисттеринин катышуусунда оюн-зоок көрсөтүлүп, КР эстрада жылдыздары тарабынан чоң концерттик программа тартууланды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)