Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарына боордош Россия Федерациясынын Ярославль жана Ростов- на- Дону шаарларынын өкүлдөрү келишти

Ош шаарына боордош Россия Федерациясынын Ярославль жана Ростов- на- Дону шаарларынын өкүлдөрү келишти

22 март 2023, Среда
255
0

    2023-жылдын 22-мартында,   Ош шаардык Кеңешинде,  шаардык Кеңештин депутаттарынын  Ош шаарына боордош  Ярославль шаарынын  муниипалитетинин  төрагасы   Калинин Сергей Григорьевич жана аталган шаардын мэринин орун басары  Гаврилов Вячеслав Игоревич менен  жолугушуусу болуп өттү. 

      Анда  коноктор өз шаары, анын  башкаруу системасы,  бюджети, тарыхы,  маданияты,   өнөр-жайы  жана башка  тармактары жөнүндө кыскача  айтып беришти жана  Ош шаарынын жаратылышына суктанышып, мында туризм тармагын өнүктүрүүгө   чоң потенциал бар экендигин белгилешти, шондой эле   депутаттарды  май айынын  акырында белгилене   турган   Ярославль шаарынын күнүнө   арналган салтанатка  чакырышты. 

    Жолугушуунун акырында тараптар бири  бирине   эстелик белектерин тартуулашты. Жолугушууга  шаардык Кеңеш тараптан  Кеңештин   төрагасы  Назылбеков Салман Сатыгулович, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик,  мүлк экология,  агрардык жана өзгөчө кырдаалдар  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Бакир уулу Шахназар   жана  транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба  жана байланыш маселелери  боюнча   туруктуу депутаттык  комиссиянын төргасы Маматов Мирбек Акжигитович  катышышты. 

       Ушул эле күнү,  Ош шаардык Кеңешинин жыйындар залында,    “Нооруз” улуттук майрамын майрамдоо   алкагында  Ош шаарынын мэриясы тарабынан  уюштурулган,   Ош шаарына   боордош    Россия Федерациясынын  Ярославль жана Ростов- на- Дону  шаарларынын   өкүлдөрү  менен  Ош шаарынын   өкүлдөрүнүн кеңейтилген  жолугушуусу  болуп өттү. 

     Жолугушууга   шаардык Кеңештен  тараптан  Кеңештин   төрагасы  Назылбеков Салман Сатыгулович,  архитектура, курулуш, муниципалдык менчик,  мүлк экология,  агрардык жана өзгөчө кырдаалдар  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Бакир уулу Шахназар   жана  транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба  жана байланыш маселелери  боюнча   туруктуу депутаттык  комиссиянын төргасы Маматов Мирбек Акжигитович   катышышты. 

     Жолугушууда  Ош шаарынын мэри Жетигенов Бакытбек   Жеңишбекович, Ош шаардык Кенешинин төрагасы Назылбеков Салман Сатыгулович саламдашуу сөздөрүн  айтышты. 

       Андан соң Ростов-на-Дону шаарынын администрация  башчысынын орун басары  Кожухова Елена  Николаевна, Ярославль шаарынын  мэринин орун басары Гаврилов Вячеслав Игорьевич,  Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Бибишев Андрей Александрович боордош шаарлар ортосунда  өз ара  байланыштарды жана кызматташтыкты  түзүү    жөнүндө сөз сүйлөштү жана  Ростов-на-Дону шаарынын  инвестициялык   потенциалы,  Ош шаарынын экономикалык  потенциалы  жөнүндө роликтер көрсөтүлдү. 

    Жолугушуунун акырында   Россия Федерациясынын  Ростов-на Дону,  Ярославль   шаарлары менен  Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын  ортолорундагы кызматташуу Программаларына кол коюлду.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)