Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Шаарга жана шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүү негизги милдетибиз.

Шаарга жана шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүү негизги милдетибиз.

27 ноябрь 2019, Среда
2 522
0
Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.
         
         Отурумду комиссиянын төрагасы А.Каримбеков алып барып, күн тартибине ылайык шаардын өнүгүүсүнө жана шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча маселелер кызуу талкууланды. Өзгөчө ишкерлерге болгон мамиле, алардын мыйзамдуу иш-аракеттери жана коомдук базар маселеси боюнча тиешелүү маалыматтар алынып, тапшырмалар берилди.
         
          Төрага Ж.Ормонов отурумга катышып, бүгүнкү күндөгү шаар тургундарынын көйгөйлүү маселелерине жана социалдык абалына токтолуп, өткөрүлүп жаткан калк арасындагы жакшылык-жамандыктардагы болуп жаткан ысырапкерчиликтерге чек коюу боюнча коомдун пикирлерин билүү сунушун берди. Бул маселе муниципалдык аймактык башкармалыктын башчыларына тапшырылды.

          Жыйынтыгында Ош шаарында муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштери жөнүндө жана жогоруда аталган комиссиянын 2020-жылга каралуучу иш планын бекитүү жөнүндө маселелер Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)