Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Колдоого муктаждарга жардам берүү ар бирибиздин инсандык парзыбыз

Колдоого муктаждарга жардам берүү ар бирибиздин инсандык парзыбыз

03 декабрь 2019, Вторник
2 711
0
Бүгүн 3–декабрь Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата шаардык акция өткөрүлдү.                    Акциянын алкагында эл өкүлдөрү шаардагы ден соолугуна байланыштуу колдоого муктаж жарандардан даректүү кабар алышты. Төрага Жапарбек Ормонов ден соолугунун мүкүнчүлүгү чектелүү шаар тургунуна жергиликтүү каржы булагынын эсебинен ажыратылган акчалай колдоону жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте кошумча материалдык жардамдарды тапшырды.
            Андан соң Ош шаарындагы кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда тарбияланып жатышкан балдардын иш чарасы өткөрүлдү. Аталган социалдык иш чарага Төрага Ж.Ормонов, орун басары Б.Каналиев жана шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери катышышып, балдарга ден соолук, ата энелерге чыдамкайлуулук жана ийгиликтерди каалоо менен бирге, борборго техникалык каражаттарды жана балдарга арналган таттууларды тапшырышты. Шаардык иш чара Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын базасында «Добромед» медициналык клиникасынын жана «Рус ай Фарм» жана "Vizon" групп фондунун демилгеси менен уюштурулган акциянын алкагында улантылды. Төрага жеке менчик мекемелердин социалдык иш чараларды өткөрүп жаткандыгы үчүн Эл өкүлдөрүнүн атынан ыраазылык айтып, мындан ары да ушундай социалдык иш чаралардын улантылышында колдоо көрсөтөөрүн билдирди.  
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)