Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү.

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү.

03 декабрь 2019, Вторник
2 590
0
             Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. Отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Шоноев алып барып, мүчөлөрү: Р.Турдуев, Г.Турдубаева, Р.Касымов катышышты.            Күн тартибине ылайык Ош шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын 2018-2019-жылдардагы шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөө боюнча отчетун угуу, Ош шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө мекеме-ишканалардын маалыматын угуу, туруктуу депутаттык комиссиянын 2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө маселелер каралып, Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев, Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын башчысы Э.Аралиев, Ош шаардык жылуулук борборунун жетекчиси А.Аттокуров, Ош муниципалдык “Жылуулуккамсыздоо” ишканасынын жетекчиси Б.Кадырбердиев, Райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Р.Капаров, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин жетекчиси Д.Кадырбердиев, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынынын жетекчиси Д.Токторбаевдердин маалыматтары угулуп, эл өкүлдөрү тарабынан кызуу талкууланды. 
          Отурумдун жыйынтыгында туруктуу депутаттык комиссиянын 2020-жылга иш планы Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.  
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)