Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын жаштар парламентинин мүчөлөрүнө сертификат, төш белги тапшыруу аземи болуп өттү.

Ош шаарынын жаштар парламентинин мүчөлөрүнө сертификат, төш белги тапшыруу аземи болуп өттү.

05 декабрь 2019, Четверг
2 999
0
           Бүгүн, Ош шаарынын жаштар парламентинин мүчөлөрүнө сертифкат, төш белги тапшыруу аземи болуп өттү. Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбашов, жаштар парламентинин мүчөлөрү жана шаарыбыздагы активдүү жаштар катышышты.
           Төрага, шаарыбыздагы болуп жаткан иштер, өткөрүлгөн маданий иш-чараларга кенен токтолуп, алардын жогорку деңгээлде өтүүсүнө жаштардын салымы чоң экендигин, шаарыбыздын өсүп өнүгүүсүндө жаштар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келе жатат деп белгиледи.
Ошондой эле “Жаштар парламенти 3” долбоорунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылып, “Жаштар парламенти 4” доолбоорунун мүчөлөрүнө төш белгилер тапшырылды.  
          “Жаштар парламенти 3” долбоорунун бүтүрүүчүлөрү Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновго жана шаар мэри Т.Сарыбашовго жигердүү, курч, элпек, лидер жаштардын ар тараптан өсүп өнүгүүсүнө көрсөтүп келген моралдык жана материалдык колдоолору үчүн ыраазычылык баракчалары тапшырды. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)