Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

10 декабрь 2019, Вторник
2 755
0
Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин социалдык маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү. 
      Отурумду комиссиянын төрагасы А.Осмонов алып барып, мүчөлөрү; Т.Жунусов, А.Мадаминов, С.Курбаназаров, С.Нуркамилова, Е.Рузиева катышышты. Күн тартибинде жалпысынан беш маселе каралып, тиешелүү мекеме-жетекчилери аткарылып жаткан иштери жөнүндө маалымат беришип, депутаттар тарабынан кызуу талкууланды. Өзгөчө шаардагы мектептердеги билим берүү жана уюштуруу иштериндеги орой кемчиликтер белгиленип, милдетине жоопкерчиликсиз мамиле жасаган мектеп директорлору жөнүндө сын-пикирлер айтылды. Ушундай эле орой кемчиликтер саламаттык сактоо тармагы боюнча да белгенип, тиешелүү жетекчилердин жансыз иш-аракеттерин кароо жана көзөмөлгө алуу Ош шаарынын мэриясына милдеттендирилди.  Жыйынтыгында социалдык маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2020-жылга каралуучу иш-планы Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.  
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)