Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

22 август 2022, Понедельник
556
0

Бүгүн, 22-август күнү Ош шаардык Кеңешинин   2022-жылдын 8-апрелиндеги “Ош шаарынын А.Шакиров, Р.Абдыкадыров жана Курманжан Датка  көчөлөрүндөгү жол тыгындарын пайда кылып жаткан коомдук тамактануу жана соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугун тактоо үчүн” №12 тескемесинин негизинде түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму  болуп өттү. 

Отурумга Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Ш.Нуранов., Ш.Бакир уулу., М.Маматкулов., Б.Баетов жана Ош шаарынын вице-мэри С.Джунусбаев, Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн бөлүм башчысы А.Пирматов жана тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери катышты.

       Отурумда Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу боюнча муниципалдык кызматтардын маалыматтары угулуп, Ош шаарынын Т.Кулатов, Анар, Төлөйкөн кичи райондорундагы мыйзамсыз курулуштарды аныктоо иштери жеринде жүргүзүлдү. 

        Жогорудагы маселелер боюнча кеңири талкуу жүргүзүлүп, мыйзамсыз курулуштарды  жоюу боюнча ыкчам иш аракеттерди жүргүзүү сунушу берилип, Төлөйкөн кичи районундагы скверди, “Жомок” бала бакчасынын тушунан Р.Абдыкадыров көчөсүндөгү ички жолду реконструкциялоо, Кулатов кичи районундагы №14 мектептен Осмонов көчөсүнө чейин жаңы жол ачуу маселелерин 2023-жылдын иш планына киргизүү сунушу берилди.  Кулатов, Анар, Төлөйкөн кичи районунда санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилди.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)