Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

11 декабрь 2019, Среда
2 395
0
           Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурум эки күнгө созулуп, 6 жана 11-декабрь күндөрү болуп өттү.
           Отурумдун күн тартибине 19 маселе сунушталып, каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Батыров алып барды. 
2019-жылдын 6-12-декабрында өткөн отурумда  Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана Ош шаарында ипотекалык шартта берилген батирлердин 6 пайыздык үстөк пайызын кайра карап берүү жөнүндөгү маселелери  сессиянын күн тартибине сунушталды. 
            Андан сырткары жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселе талкууланып, сессиянын күн тартибине сунушталды. 
            Ал эми 11-декабрында болуп өткөн туруктуу депутаттык комиссиянын  отурумунда Ош шаардык жолдор жана Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыктарына жана Ош шаарындагы социалдык тармактарга бөлүнгөн акча каражаттарынын 2018-жылдын жана 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы пайдалануусу  боюнча башкармалыктардын жетекчилеринин жана туруктуу депутаттык комиссиясынын  сессияга сунуштаган токтомдордун аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана Финансы министрлигинин Ош башкармалыгынын маалыматтары угулуп, эске алынды. Ошондой эле туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдагы иш-планынын долбоору кезектеги  сессиянын кароосуна сунушталды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)