Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаты КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштар арасындагы форумуна катышууда.

Ош шаардык Кеңешинин депутаты КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштар арасындагы форумуна катышууда.

25 август 2022, Четверг
4 699
0

Ош шаардык Кеңешинин депутаты КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштар арасындагы форумуна катышууда.


КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат. Форумга Ош шаардык Кеңешинин депутаты Маматкулов Максатбек Борубаевич катышууда.

Форумдун максаты, КМШ өлкөлөрүнүн жаш активисттери, мамлекеттик кызматкерлер жана дипломаттардын арасында биримдиктин, ынтымактын жана жаштардын өз ара аракеттенүү процесстерин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Иш чаранын алкагында жаштардын ЕАЭБ өкмөт башчыларынын орун басарлары, Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчысы Сергей Лебедевдер менен жолугушуулар болоору күтүлүп жатат.

Негизинен Форумга 250 дөй делегат катышууда.

Форумдун ишине ийгиликтерди каалайбыз. 



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)