Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

19 декабрь 2019, Четверг
2 836
0
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлериин кесиптик майрамы белгиленди. Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, КРнын Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Б.Юсупов мекеме иш-каналардын жетекчилери, Ардагерлер катышышты.
               Төрага, кесиптик майрам ээлерин мамлекетибиздин коопсуздугун, конституциялык түзүлүштү жана эгемендүүлүктү сактоодо, өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууда жана жарандардын коопсуздугун көздүн карегиндей сактоо сыяктуу өзгөчө, жооптуу кесипти аркалап, бейпил турмушубузду түзүүгө өз салымыңыздарды кошуп, камсыз кылып келе жатасыздар деп белгиледи. Ошондой эле жалпы кесип ээлерин Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктап, баалуу белек жана Ардак грамоталар менен сыйлады.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)