Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Эл өкүлдөрү жарандардын кайрылуулары боюнча жерине барып таанышып келишти

Эл өкүлдөрү жарандардын кайрылуулары боюнча жерине барып таанышып келишти

30 август 2022, Вторник
786
0

     2022-жылдын 29-30-август күндөрү Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Б.Баетов, К.Шайиев, К.Мамашов, А.Айтбаев, Н.Каримов шаардагы социалдык мекеме- ишканалардын абалы менен таанышып келишти. Ош шаардык клиникалык оорукананын директору Ш.Абдурахмановдун кайрылуу катында шаардык клиникалык ооруканага караштуу Балдар жугуштуу оорулар стационарында 2020-жылы тез, жеңил конструкцияда салынган 100 орундуу имарат сендвич панели менен курулгандыктан жайында өтө ысык, кышында суук болуп, оорулууларга ыңгайсыздыкты жаратып жаткандыгы айтылган.  Аталган каттын негизинде Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбековдун буйругу менен комиссия түзүлүп, отурумда каралып жыйынтыгында имаратты курган облустук капиталдык  курулуш башкармалыгына тапшырмалар берилген. Депутаттар берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча жеринен барып  көрүштү. Ошондой эле, шаардагы ата-энелердин №43 “Кызгалдак Бүчүр” жана №22 “Үмүт-Наристе” балдар бакчаларынын ишмердүүлүктөрүн токтотуу боюнча кайрылуулары боюнча жана шаардагы №2 Карл Маркс атындагы гимназиясынын аймагынын абалы   менен таанышып, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырмаларды беришти.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)