Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ж.Ормонов: Жаңы жыл жакшылыктарды жана өлкөбүз үчүн ири ийгиликтерди коштогон жыл болсун.

Ж.Ормонов: Жаңы жыл жакшылыктарды жана өлкөбүз үчүн ири ийгиликтерди коштогон жыл болсун.

31 декабрь 2019, Вторник
2 668
0
Урматтуу Кыргызстандыктар жана ордолуу Ош шаарынын тургундары!
Сиздерди жаңы 2020-жылыңыздар менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден кызуу куттуктайм!
            Баарыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бактылуу турмуш каалайм. Жаңы жылыбыз жакшылыктарды, молчулукту, биримдикти жана достукту алып келген ак жолтой жыл болсун!
            Өтүп бара жаткан 2019-жыл биздин мамлекетибиз үчүн стабилдүүлүктүн, ынтымактын жана ийгиликтердин жылы болду.
Көп улуттуу шаарыбыздын калкы достук, бир туугандык мамиледе болуп, бардык жакшы демилгелерди кызуу колдоп, касиеттүү улуу шаардын биримдүү эли экендигин айгинелешти. 
Шаарыбызда илим, билимге сугарылган, жаны заман менен бирге кадам таштаган мекенчил, намыскөй жаштарыбыздын катары көбөюп, бул жылы да зор жеңиштери жана ийгиликтери менен бизди сыймыктандыра алышты. Мындай жакшы саамалыктар, кирип келе жаткан жаңы жылда да болооруна терең ишеним артамын. 
Андыктан биз дайыма ата-энебизди алпештеп, алар менен өткөргөн ар бир бактылуу минуталарды баалап, жардамга муктаждардан мээримибизди аябай,  жылуу сөз айтууну унутпасак, жүрөгүбүздү жаман ойлордон, көралбастыктан, кастыктан, тардыктан арылтсак албетте бардык тилектерибиз сөзсүз ишке ашат деп ишенем. 
Анткени башкаларды түшүнө билүү, аларга бакыт, кубаныч тартуулоо адамзатынын барлыгын толуктап, чыныгы инсандыктын бар экендигин тастыктап турат. 
Урматтуу шаардыктар! Баарыбыз жүрөк толкуткан кубанычтуу окуянын күбөсү болуп, жаңы жылды жакшы маанайда тосуп алалы. 
Мамлекетибиздин алдыдагы жолу ачык болуп, үмүт тилегибиз ишке ашсын, жараткан элибизди, жерибизди жамандыктан сактасын. 
Дайыма бакубатчылыкта жана амандыкта бирге бололу! 
  Жаңы жылыңыздар менен!
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)