Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин коомдук угуусу

Ош шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин коомдук угуусу

14 январь 2020, Вторник
4 325
0
Урматтуу шаардыктар 2020-жылдын 23-январь күнү саат 10:00 дө Ош шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин коомдук угуусу өткөрүлөт.
Ошшаарынын жергиликтүү бюджетинин
2020-жылга долбоору жана 2021-2022-жылдарга 
болжолу жөнүндө маалымат
         Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга   долбоору жана 2021-2022-жылдарга болжолу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик жана Салык кодекстеринин, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү»,  «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү»  мыйзамдарынын, ошондой эле 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылыштарынын негизинде түзүлдү.
         Бюджеттин киреше бөлүгү
         2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2019-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 117,3%га өсүп, же болбосо                  194 979,0 миң сомго көбөйүп 1322 613, 0 миң сомго аныкталды, анын ичинен:
- салык кирешелери 1144 024,0 миң сомду (86,5% жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;
- салык эмес кирешелери 95800,0 миң сом (7,2% жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;
- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 82789,0 миң сом (6,3% жалпы бюджеттен) түздү.
«Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилди:
            - киреше салыгы- 85%;
- сатуудан алынуучу салыгы- 25%;
- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык- 50%;
- мүлк салыгы- 100%;
- жер салыктары- 100%;
- чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык- 100%;
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө
негизиндеги салык -100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин кароосунда калууда.
Ал эми, «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде 2021-жылга Ош шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолу 1339 766,0 миң сом жана 2022-жылга 1390 018,0 миң сом өлчөмүндө сунушталууда.
          Бюджеттин чыгаша бөлүгү 
Бюджеттин чыгашалар  бөлүгү 2020-жылга атайын каражаттарды кошкондо 1 322 613,0 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2019-жылга салыштырмалуу  194 979,0 миң сомго көп каралууда. 
2020-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн
- 20,2% жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар,
- 0,4% коргонуу  тармагы
- 10,3 % экономикалык маселелер,
- 32,5%  турак жай жана коммуналдык чарба,
- 5,9% маданият жана спорт тармагы,
- 29,6% билим берүү тармагы,
- 1,1 % социалдык коргоо тармагы түзүүдө.
           Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр тармагына кетүүчү чыгымдарга 2020-жылга 267 590,7  миң сом белгиленүүдө.
Бул тармакта Ош шаардык Кенешин, Ош шаарынын мэриясын, Ош шаарынын мэриясынын автогаражын, муниципалдык менчик башкармалыгынын аппаратын, Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматын, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгын, муниципалдык территориалдык башкармалыктарды, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгын каржылоого, резервдик фондго жана кредиттерди төлөөгө акча каражаты каралууда.
           Коргонуу тармагына 2020-жылга 5 627,9 миң сом өлчөмүндө акча каражаты белгиленүүдө. Бул тармакта негизинен Ош шаардык аскер комиссариатынын,  Ош шаардык топтоо пунктунун кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акылары, коммуналдык төлөмдөрү, жарандарды аскердик кызматка чакыруу чыгымдары (призыв граждан) жана стратегиялык чыгымдарга (ЧС) акча каражаты каралууда.
         
           Турак жай жана коммуналдык чарба тармагына  428 480,8 миң сом акча каражаты  белгиленди, 2019-жылга салыштырмалуу 56 127,1 миң сомго көп каралууда.
- Ош шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатына - 75 280,5  миң сом;
- «Ошсвет» муниципалдык ишканасына шаардын көчөлөрүн  жарык менен камсыз кылууга – 57 035,2 миң сом;
- Жарандарды тейлөө борборуна – 6 114,3 миң сом;
- Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментине – 3 718,8 миң сом;
- Ош шарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасына – 10 320,0 миң сом;
- Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына – 66 712,0 миң сом, 2019-жылга салыштырмалуу 14 738,0 миң сомго аз каралууда;
- Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына  - 201 000,0 миң сом, 2019-жылга салыштырмалуу 77 700,0 миң сомго көп каралууда;
- «Жылуулук  менен  камсыздоо»   муниципалдык  ишканасына –  8 300,0 миң сом (республикалык бюджеттин эсебинен берилген бюджеттик ссуданы төлөөгө) сунушталууда.
          Экономикалык маселелер боюнча тармагына – 136 760,0 миң сом өлчөмүндө белгиленүүдө, анын ичинен негизгилери:
- Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына  шаардагы жеңилдиктери бар жана бекер жүрүүчү категориядагы жүргүнчүлөрдүн муниципалдык коомдук транспорт менен ташууга компенсацияга (пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, окуучулар ж.б.) -                10 000,0 миң сом;
- «Ош Тазалык» муниципалдык ишканасына – 19 640,6 миң сом;
- Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын аппаратын каржылоого – 7 119,4 миң сом;
- Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын титулдук баракчасына – 100 000,0 миң сом (жолдорду оңдоого жана курууга), 2019-жылга салыштырмалуу 16 000,0 миң сомго көп сунушталууда.
         Маданият жана спорт тармагын  каржылоого 2020-жылга-78 577,2 миң сом акча каражаты каралууда.
         Бул тармакка негизинен төмөнкү иш-чараларга акча каражаты каралууда:
- маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча ар-түрдүү                      иш-чараларды өткөрүүгө – 30 315,5  миң сом;
- Ош шаардык китепканасын жана айылдык маданият үйүн  каржылоого – 9 007,0 миң cом;
- маданият башкармалыгынын, дене-тарбия жана спорт, жаштар иштери боюнча комитеттеринин аппараттарын жана маданият башкармалыгынын борборлоштурулган бухгалтериясын каржылоого – 9 541,7  миң сом;
- «Алай» футболдук клубуна жана шаардык стадионго, «Сулайман-Тоо» волейболдук клубу муниципалдык мекемесине, «Ош шамы» гезитине субсидияга  – 25 400,0  миң сом;
- Ош шаардык спорттук медицина жана калыбына келтирүү борборуна,  фольклордук-эстрадалык тобуна – 4 313,0 миң сом каралууда.
            Билим берүү тармагына 2020-жылга 391 216,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралып, 2019-жылга салыштырмалуу 13 498,4 миң сомго көбөйүүдө.
            Бул тармакка төмөндөгү беренелерге акча каражаты каралууда:
- мектептердеги  1-4-класста  окуган балдардын тамак-ашына – 52 641,6 миң сом, бир окучууга бир күнгө 10 сомдон;
- бала-бакчалардагы балдардын тамак ашына кетүүчү чыгымдар  – 54 376,5 миң сом (норма боюнча кенже тайпаларга 13 сомдон, жогорку тайпаларга 18 сомдон);
- мектеп интернаттардын, Алтын Уя, Лотос балдар үйлөрүнүн тамак ашына – 6 754,6 миң сом норма боюнча;
- билим берүү мекемелерине эмгек акы төлөөгө жана социалдык фондко чегерүүгө – 2 851,4 миң сом;
- мугалимдердин  жана бала бакчалардагы тарбиячылардын коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерге акча каражаты – 12859,2  миң сом, бир кызматкерге айына  300 сомдон;
- мекемелердин коммуналдык төлөмдөрүнө жана көмүр сатып алууга (байланыш кызматы, суу, электроэнергия, жылуулук, газ) – 134 156,7 миң сом;
- билим берүү мекемелерине эмеректерди, парталарды, компьютелерди сатып алууга, ремонт иштерине жана башка чыгымдарына акча каражаты   48 659,0 миң сом каралууда.
 - билим берүү мекемелеринин  атайын каражаттары  78 917,0   миң сомго  белгиленүүдө.
              Социалдык коргоо тармагына 2020-жылга 14 360,4 миң сом  өлчөмүндө акча каражаты каралууда, анын ичинен:
- Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларына – 3 696,7 миң сом;
- «Боорукердик» балдар жана карылар  үй-интернатына – 7 890,9 миң сом;
- Ош шаарынын мэриясынын үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборуна – 2 336,7 миң сом;
- Ардагерлер Кенешине – 436,1 миң сом сунушталууда.
Ал эми, «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде 2021-жылга Ош шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн болжолу 1339766,0 миң сом жана 2022-жылга 1390 018,0 миң сом өлчөмүндө сунушталууда.
           Ош шаарынын биринчи вице-мэри                                                      С.Турдуев

 
2020-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 
кирешелер бөлүгүнүн долбоору





(миң сом)
КирешелерСуммасы

Салык кирешелери1 144 024,0
1Киреше салыгы609 324,0
2Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык22 100,0
3Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык173 500,0
4Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктүү салык8 500,0
5Кыймылсыз мүлккө салык 91 000,0
6Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык41 500,0
7Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы16 650,0
8Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы1 100,0
9Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы36 850,0
10Сатуудан түшүүчү салык142 000,0
11Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык1 500,0

Салыктык эмес кирешелер95 800,0
12Мамлекеттик имараттарды  ижарага берүүдөн  акы төлөө 39 000,0
13Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө51 000,0
14Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы2 000,0
15Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар1 300,0
16Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым2 500,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо)1 239 824,0
17Атайын каражаттар82 789,0

ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:1 322 613,0









Ош шаарынын биринчи вице-мэри                                                             С. Турдуев


 
2020-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 
чыгашалар бөлүгүнүн долбоору





(миң сом)
ЧыгашаларСуммасы
1Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга,     анын ичинен:  267 590,7

    мэриянын резервдик фонду 12 000,0

    кредиттерди жоюга160 000,0

  атайын каражаттар90,0
2Коргоо тармагына5 627,9
3Экономикалык маселелерге136 760,0

анын ичинен атайын каражаттар606,0
4Турак-жай жана коммуналдык кызматтарга 428 480,8

анын ичинен атайын каражаттар2 378,0
5Маданият жана спортко78 577,2

анын ичинен атайын каражаттар500,0
6Билим берүүгө391 216,0

анын ичинен атайын каражаттар78 917,0
7Социалдык коргоого14 360,4

анын ичинен атайын каражаттар298,0




Жыйынтыгы1 322 613,0

анын ичинен атайын каражаттар82 789,0









Ош шаарынын биринчи вице-мэри                                                                            С. Турдуев

 
2021-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын 
болжолу


(миң сом)
КирешелерСуммасы

Салык кирешелери1 158 177,0
1Киреше салыгы765 418,0
2Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык22 100,0
3Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык173 500,0
4Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктүү салык8 500,0
5Кыймылсыз мүлккө салык 91 000,0
6Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык41 500,0
7Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы16 650,0
8Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы1 100,0
9Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы36 850,0
10Сатуудан түшүүчү салык

11Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык1 559,0

Салык эмес кирешелери98 800,0
12Мамлекеттик имараттарды  ижарага берүүдөн  акы төлөө 40 000,0
13Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө53 000,0
14Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы2 000,0
15Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар1 300,0
16Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым2 500,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо)1 256 977,0
17Атайын каражаттар82 789,0

ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:1 339 766,0




ЧыгашаларСуммасы
1Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга221 554,8

  атайын каражаттар200,0
2Коргонууга8 215,8
3Экономикалык маселелерге105 549,2

  атайын каражаттар400,0
4Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө484 694,0

анын ичинен атайын каражаттар2 975,3
5Маданият жана спортко93 342,2

анын ичинен атайын каражаттар500,0
6Билим берүүгө411 316,9

анын ичинен атайын каражаттар78 363,7
7Социалдык камсыздоого15 093,1

анын ичинен атайын каражаттар350,0

Жалпы чыгашалар:1 339 766,0

анын ичинен атайын каражаттар82 789,0




Ош шаарынын биринчи вице-мэри                                                             С. Турдуев


 
2022-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын 
болжолу


(миң сом)
КирешелерСуммасы

Салык кирешелери1 206 429,0
1Киреше салыгы813 639,0
2Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык22 100,0
3Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык173 500,0
4Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктүү салык8 500,0
5Кыймылсыз мүлккө салык 91 000,0
6Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык41 500,0
7Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы16 650,0
8Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы1 100,0
9Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы36 850,0
10Сатуудан түшүүчү салык

11Жер казынасын пайдалангандыкүчүн салык1 590,0

Салык эмес кирешелери100 800,0
12Мамлекеттик имараттарды  ижарага берүүдөн  акы төлөө 41 000,0
13Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө54 000,0
14Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы2 000,0
15Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар1 300,0
16Автотраспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым2 500,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо)1 307 229,0
17Атайын каражаттар82 789,0

ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:1 390 018,0




ЧыгашаларСуммасы
1Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга231 633,8

  атайын каражаттар200,0
2Коргонууга8 259,4
3Экономикалык маселелерге112 656,7

  атайын каражаттар400,0
4Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө512 369,4

анын ичинен атайын каражаттар2 975,3
5Маданият жана спортко94 123,1

анын ичинен атайын каражаттар500,0
6Билим берүүгө415 793,5

анын ичинен атайын каражаттар78 363,7
7Социалдык камсыздоого15 182,1

анын ичинен атайын каражаттар350,0

Жалпы чыгашалар:1 390 018,0

анын ичинен атайын каражаттар82 789,0




Ош шаарынын биринчи вице-мэри                                                             С. Турдуев


 
2020-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен башкаруу органдарына каралган чыгымдар


(миң сом)
Ишканалардын аталышыСуммасы
1Ош шаарынын мэриясы25 113,9
2 Ош шаардык Кеңеши9 715,4
3Ош шаарынын мэриясынын гаражы7 734,2
4Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгы3 197,6
5Ош шаардык муниципалдык менчик башкармасы11 130,0
6Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти3 718,8
7Ош шаарынын мэриясынын  коомчулук менен байланыш кызматы1 692,6
8Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети3 074,2
9Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети2 544,2
10Ош шаардык маданият башкармалыгы3 364,4
11Ош шаардык билим берүү башкармалыгы320,0
12Жапалак  айылдык аймактык башкармалыгы6 240,9
13Муниципалдык аймактык башкармалыктар30 766,1

Жалпысы108 612,3












Ош шаарынын биринчи вице-мэри                                       С. Турдуев


 
 2020 - жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен субсидия берилүүчү мекеме ишканалар



(миң сом)
Ишканалардын аталышыСуммасы
1Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы10 000,0
2Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасы10 320,0
3Ош муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасы8 300,0
4" Ош шамы" гезитинин редакциясы 2 000,0
5"Алай" футболдук клубу, А.Сүйүмбаев атындагы шаардык стадион19 500,0
6"Сулайман-Тоо" волейбол клубу3 900,0
7"Ош Тазалык" адистештирилген муниципалдык ишканасы19 640,6

Жалпысы73 660,6












Ош шаарынын биринчи вице-мэри                                                             С. Турдуев


 

2020-жылга Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо

боюнча иш-чараларына каралган чыгымдар



миң сом

АталышыСуммасы

1"Бүчүр" калыбына келтирүү борборуна512,7

2ВИЧ Спид оорусун жуктурган балдарга ай сайын 1000 сомдон материалдык жардам көрсөтүүгө144,0

3Пенсионерлерге, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеңилдиктерге1740,0

4Социалдык кызматкерлердин коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерге  (ар бир кызматкерге 1000 сомдон бир айга)300,0

5Ош шаарындагы көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бир жашка чейинки балдарына  сүт азыктарын алып берүүгө 1000,0


Жалпысы3696,7












Ош шаарынын биринчи вице-мэри                                                             С. Турдуев
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)