Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу Ордолуу Ош шаарыбыздын тургундары жана меймандары!

Урматтуу Ордолуу Ош шаарыбыздын тургундары жана меймандары!

31 август 2022, Среда
556
0

        Мамлекетибизөз алдынчакөз карандысыздыккатынчтык жолу менен жеткенине быйыл 31 жыл толуп олтурат. Бул да болсо тагдырдын бизге тартуулаган эң кымбат белеги деп түшүнсөк болот.  Анткеникөзкарандысыздыкка жетиш дайыма эле оңой боло бербейт.  ОшондуктанЭгемендүүлүгүбүздү кадырлапбарктап,  көзүбүздүн карегиндейсактооар бир кыргызстандыктын ыйык милдети деп билемин.

Сиздерди Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан, элибиздин эң чоң майрамы – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн күнү менен куттуктайм!

Баарыбыз бейиштей жерибизде ээн эркинэч кимге, эч качан баш ийбейкөз карандысыз мамлекет болупкүчтүүкубаттуубай өлкө катары өз эне тилибиздикаада-салтыбыздыкооз жерибизди сактапкылымдарды карытып жашайлыМамлекетибиздин желеги эркин жана көз карандысыз желбирешин каалайм жана мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам.

Кыргызстандын ички жана тышкы саясаты, коңшулаш жана чет мамлекеттер арасында өлкөбүздүн аброю, эл аралык аренада, көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде, бир топ тепкичтерге жогорулады десек жаңылышпасак керек.    

    Ал деңгээлди дагы да жогору көтөрүү максатында Ош шаарыбызда да алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, элге берген убадаларынын үстүндө мүмкүнчүлүккө жараша  эмгек жасап келе жатабыз. Шаарыбыздын ар тараптуу багыттагы иштерине шаардык Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү бийлик тарабынан жакшы көңүл бурулуп, бир канча самаалыктар, иш чаралар өтүп келе жатат.

        Бүгүнкү күнгө чейин туура эмес жеке менчикке берилип кеткен жерлер, кароосуз калган сейил бактар кайрадан калыбына келтирилип, шаарыбыздын аты жакшы жагынан далайга жетип жатат. Өзүңүздөр көрүп турасыздар, шаарыбызда канчалаган өзгөрүүлөр болуп жатат. Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу, шаардын ички жолдорунун, тротуарларынын оңдолушу, социалдык обьектилердин курулушу, жаңы заманбап парк-скверлердин салынып жатышы көңүл кубантат. Мына ушулардын бардыгы Эгемендүүлүктүн жемиши деп билсек болот. 

Урматтуу шаардыктар!

Дагы бир жолу Өлкөбүздүн Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм. Андыктан, элибиз аман, жерибиз тынч болсун. Жаман көздөн, ушак сөздөн, душмандын жоосунан Жараткан Өзү сактасын. Элибизге бакубат жашоо, ар бир үйгө тынчтык, ынтымак каалайм. Ар дайым башыбыздан бакыт кушу кетпесин, үйүбүздүн шамы өчпөсүн, кампабыз данга, үйүбүз нанга, ырыскы, кут берекеге толсун. Ар дайым жүзүңүздөрдөн кубанычтын нуру жанып, чың ден соолукта болуп, элибизди ыйман аралап, көп улуттуу калкыбызга дайыма тынчтык, биримдик каалайм.   Жергебизде бейпилдик өкүм сүрүп,   Эгемен Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин!

Ар дайым асманыбыз ачык, пейлибиз кенен, дилибиз таза болсун. 

Майрамыңыздар менен!

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)