Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » 2020-жылга карата Ош шаарынын бюджети туруктуу депутаттык комиссиянын кароосунда каралып бүттү.

2020-жылга карата Ош шаарынын бюджети туруктуу депутаттык комиссиянын кароосунда каралып бүттү.

16 январь 2020, Четверг
2 966
0
           Бүгүн  Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын Ош шаарынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн кароо боюнча кезектеги отуруму өз ишин жыйынтыктады. 
           Отурумда Ош шаарынын 2020-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү каралып, Ош шаарынын 2020-жылга бюджети, 2021-2022-жылдарга болжолу жана 2020-2022-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолу такталып, жыйынтыгында аталган маселе Ош шаарынын коомчулугу менен талкулоо үчүн 2020-жылдын 23-январында өтүүчү бюджеттик коомдук угуу иш-чарасына сунушталды.
          Ош шаарынын 2020-жылга бюджети, 2021-2022-жылдарга болжолу коомдук угунун жыйынтыгы менен Ош шаардык Кеңешинин сессиясында каралат. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)