Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгы белгиленди

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгы белгиленди

31 август 2022, Среда
638
0

Бүгүн, “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы жогорку дэңгээлде белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин  социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Болотбек Баетов жана депутаттар, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Джунусбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош шаарына келген коноктор жана жашоочулары катышышты.

Өз сөзүндө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Болотбек Баетов Эгемендүүлүктүн 31 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктап элибизге амандык, жерибизге тынчтык каалады. 

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдык мааракеси “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде концерттик программа менен коштолду.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)