Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын 2020-жылга карата өткөрүлгөн коомдук бюджеттик угуудагы шаар жашоочулары тарабынан берилген суроолор жана сунуштар

Ош шаарынын 2020-жылга карата өткөрүлгөн коомдук бюджеттик угуудагы шаар жашоочулары тарабынан берилген суроолор жана сунуштар

28 январь 2020, Вторник
1 567
0

Ош шаарынын 2020-жылга карата  өткөрүлгөн коомдук бюджеттик угуудагы

 шаар жашоочулары тарабынан берилген суроолор жана сунуштар 




Суроо берген шаар тургунунун 

Аты жөнү жана дареги



Берилген суроонун мазмуну


1.

Шаар тургуну – А.Тыныстанов



  • Калкка кызмат көрсөтүүдө муниципалдык мекемелерде болуп жаткан коррупциялык аракеттерди болтурбоону, көзөмөлгө алууну жана алардын иштөө тартибин аныктоону мэрия жүргүзөбү? 


2.

Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургуну-  А.Абдыкадыров


  • Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Мээркан айылына кеткен узундугу 1 км. болгон жолду асфальтоо мүмкүнчүлүгү барбы?


3.

Ош шаарынын “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургуну- О. Сатиев 


  • Дачный участоктордо жашаган тургундардын үйлөрүнүн     документтери мыйзам чегинде бүтпөй жаткандыгына байланыштуу алардын шайлоолорго катышуу мүмкүнчүлүгү жок болууда. Бул маселе элдерди шайлоо укугунан ажыратып жатат. Маселени кандай чечүү мүмкүнчүлүктөрү бар? 


4.

№3“Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кв.ком.н тургуну -  А. Алашбаев. 

  • 218-кварталдын таза суу маселесин чечүү мүмкүнчүлүгү барбы?
  • Керме –Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №8 көчөнү асфальтоо иши жүргүзүлөбү?


5.

Коомдук ишмер – А. Ташбулатов Масалиев көчөсүнүн 95-үйүнүн тургуну


  • Салык кызматынын жанындагы ички иштер башкармалыгынын атайын полкунун имараты тосуп алган жолду ачуу жана анын жанындагы тепкичти оңдоо жана жарыктандыруу иштери аткарылабы?


6.

Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү №51, №53, №55 көп кабаттуу үйлөрүнүн тургундары

  • Салиева көчөсүнүн №51, №53, №55 жана Раззаков №38 көп кабаттуу үйлөрүнүн алдына балдар аянтчасын куруу маселеси каралганбы?



7.

Шаар тургуну –И. Хайдаров 


  • Ош шаарындагы Демократтар көчөсүн асфальттоо иштери качан жүргүзүлөт?

8.

Шаар тургуну – Х.Осмонова 


  • үй бүлөсүнүн социалдык абалына ылайык мамлекеттик пособия алуу боюнча кандай жардамдар каралган?


9.

Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургуну – Т.Коңурбаев 


  • Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы Тээке, Мээркан, Качыбек айылдарын таза суу менен камсыздоо боюнча чет элдик долбоорго     жергиликтүү бюджеттин кош каржылоосунун эсебинен жардам берүүгө болобу?


10.

“Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын 223-кварталынын тургуну- М.Аттокуров 


  • Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын №222-223-кварталдарынын аймагына мектеп,балдар бакчаларын куруу маселеси каралганбы?
  • Таза суу маселеси качан чечилип,  аягына чыгарылат?
  • №127 маршруттук каттамды узартуу мүмкүнчүлүгү барбы?


11.

Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургуну – С.Ажиев


  • Жапалак айылына ФАП куруу маселеси каралабы?

12.

“Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургуну – И.Алымкулов


  • Ишматов көчөсүнөн Төлөйкөн айылына чейинки жолду асфальтоо маселеси качан каралат?

13.

Ош шаары Төлөйкөн мик-рнунун тургундары- З.Жолдошева, В.Тойчубаева, А.Турдукулов, М. Жолдошева  

  • Төлөкөн микро районунундагы №21 көп кабаттуу үйдүн жанындагы 150 метр узундуктагы   жолун асфальттоо маселесин чечүү мүмкүнчүлүгү барбы?

14.

Шаар тургуну – Т.Кыдырбаева 


  • Чкалов көчөсүндөгү №23 №25 №27 көп кабаттуу жатаканалардын дааратканасын курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө болобу?


15.

Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Ж.Абжалов көчөсүнүн тургуну - Кадырбек уулу Болот.


  • Пятилетка айылынын А.Саргалчаев көчөсүнө асфальт төшөө маселеси каралганбы?

16.

Ош шаарындагы №1,2,3,5,6 кварталдык комитеттеринин атынан

  • Кварталдык комитеттин төрагаларынын айлык маяналарынын өлчөмүн жогорулатып  берүү мүмкүнчүлүгү барбы?





17.

Шаар тургуну А. Миразимова


  • Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүн канализациялоо;
  • Жалгыз бой жана жумушсуз аялдарга жергиликтүү бюджеттен жардам берүү;
  • Аялдардын онкология ооруларын алдын алуу максатында аларды жергиликтүү бюджеттин эсебинен медициналык кароодон акысыз өткөрүү иштерин камсыздоо маселелери боюнча кандай иш аракеттер жүргүзүлөт?


18.

Шаар тургуну – Г.Махмудов


Сунуштары:

  • Инвестиция тартуу менен автотоктоочу жайларды куруу;
  • Ош шаардык борбордук базардын архитектуралык түзүлүшүн жакшыртып, дыйкан жана ишкерлер үчүн соода түйүндөрүн куруу;
  • Ош көчөсүнүн 450 метр аралыгын асфальттоо;
  • Социалдык аз камсыз болгон жарандарды дары-дармек менен камсыздоону жакшыртуу;
  • Турак-жайлардагы электрэсептегич каражаттарды мажбурлап, акы алып сыртка чыгаруу маселесиниин  мыйзамдуулугун карап чыгуу;
  • Электрэнергиясын пайдаланууда ар бир абонентке берилүүчү 700 кВаттык жеңилдиктин өлчөмүн социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жогорулатуу маселесин карап чыгуу.


19.

“Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын №11 кварталдык комитетинин жашоочулары. 


  • Абдыкадыров көчөсүнө канализация тартуу маселеси каралабы?

20.

Шаар тургуну – А.Ахматова.


Сунуш:

  • Муниципалдык обөекттерди ижарага берүүнү санариптештирүү жана аны ачык айкын өткөрүү.

21.

“Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын №10 кварталдык комитеттин төрагасы – А.Абдурахманов 

  • Ж. Шамшиев жана Гагарин көчөлөрүн реконструкциялоо маселеси боюнча?

22.

 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Дача конушунун жашоочусу -  Э. Каримова 

  • Туран аймагындагы Дача участкасын электрэнергия менен камсыздоо;
  • “Тарная база” аймагындагы мектептин курулушун бүтүрүү;
  • Таза суу тартуу;
  • Аталган аймактагы жашы жеткен жарандарга  паспорт берүү маселесин чечүү маселелери боюнча кандай иш-аракеттер болот?


23.

Ош шаарынын Увам көчөсүнүн жашоочусу-

Г.Ысмаилова 


- Увам көчөсүндөгү №1,2,3,4,5,6 жатаканаларына инвестиция тартып, көп кабаттуу үйлөрдү салуу;

- Аталган жатаканаларды оңдоп-түзөө маселелери боюнча аткарылуучу аракеттер кандай?


24.

Шаар тургуну - Мажитов Равшан.


  • Ош шаарынын соц.обөекттеринин инвентаризация номерлерин жарыялоо;
  • Ош шаарынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен социалдык буюртма программасына каражаттарды көбөйтүп, “СПИД” жана туберкулез оорусу менен жабыркаган жарандарга жардам берүү боюнча кандай иштер аткарылууда?


25.

“Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгы. №101 көчөсүнүн тургуну – А.Дадабаев 


Сунуш:

  • “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгынын негизги жолун кеңейтүү маселеси боюнча.


26.

Осмонова Хабиба- 

“Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Мамажан көчөсүнүн тургуну  


  • Турак-жай куруу үчүн жер тилке бөлүп берүү же ипотека үйлөрүнөн алууга болобу?

27.

Мураталиев Нурбек-

“Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын  218-кварталынын тургуну 


        -     218-кварталда 2020-жылга карата кандай иштер аткарылат?

        - 218-кварталга таза суу тартуу, балдар-бакча куруу, жаратылыш газы менен    

         камсыздоо, таштандыларды ташып чыгуу кызматын уюштуруу, ички жолдорду 

          асфальтоо боюнча маселелер каралабы?.

           - 2020-жылда жолдордун жана обьектердин капиталдык курулушу боюнча  

          тизмени ачыктап элге жарыялоо.


28.

Сабиров Абдиллажан - “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургуну 


  • Жергиликтүү бюджеттен “Туран” аймагын  канализациялоого акча бөлүп берүү;
  • Мектеп куруу;
  • Балдар-бакчаларын куруу;
  • Таштанды таштоого контейнер коюу боюнча маселелер каралганбы?


29.

Алимкулов Ибрахим - “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургуну 


  • Төлөнов көчөсүнө канализация куруу иштерине жергиликтүү бюджеттен кош каржылоо;
  • Туран аймагын канализациялоо (Төлөнов көчөсүнөн Геологобазага чейинки 320 метр аралыктагы трубаны алмаштыруу) иштери планга киргизилгенби?


30.

Мангиев Максатбек - Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургуну 


  • Орке айылынын Тешебаев жана Юсупов көчөлөрүнө электр мамычаларын орнотуу;
  • Орке айылынын асфальтталган  Орке көчөсүн калыбына келтирүү маселелери качан каралат?


31.

Мамажанов Кубанычбек - “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын  №10 кварталынын тургуну 

  • №10 кварталдагы 80% бүткөн мектептин курулушун аягына чыгаруу;
  • Ирригатор көчөсүн асфальттоо;
  • Авариялык көпүрөнү оңдоо боюнча маселелер чечилеби?


32.

Н. Ашуров- “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Достук мкр - тургуну 

-    №7 кварталдын көчөлөрүн асфальтоо;

- №49 көчөнү канализациялоо жана асфальтоо боюнча маселелер пландалганбы?


33.

Т. Козубеков - Ош шаарынын Эдельвейс айылынын тургуну

- Тюльпан Дача конушунун көчөлөрүн түнкү жарыктандыруу жана  трансформаторду жаңылоо;

- Таза суу;

-  №124 маршруттук каттамдын ишин жакшыртуу маселелери чечилеби?


34.

Б.К. Абжапаров - Ош шаарынын Примов көчөсүнүн  тургуну

           - Геологородок шаарчасындагы № 145 маршруттук каттам жүрүүчү жолду 

           асфальттоо;

           - Сүйүнбаев көчөсүнүн №84 үйгө чейинки аралыктагы жердин жөө  

           жүргүнчүлөр жүрүүчү жолун оңдоо маселелерин чечүү мүмкүнчүлүгү барбы?


35.

Шаар тургуну - Абдулазизова Гулнара


Сунуш:

  • Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалгыз бой жана жумушсуз аялдарга көмөк көрсөтүү;
  • Шайлоодо аялдардан чыккан депутаттарды колдоо;
  • Шаарда мектеп жана балдар-бакчаларды куруу;





36.

Касимова Рано - “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу


  • “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Калинин массивинин көчөлөрүн асфальттоо;
  • №101 маршруттук каттамдагы кичи автобустардын санын көбөйтүү боюнча маселелер каралганбы?



37.

Набиев А.А - “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгынын №2 кварталынын тургуну


  • “Амир-Темур” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Калинин массивинин №110, №111, №112 көчөлөрүн асфальттоо зарыл болгондугуна байланыштуу маселе каралабы?


38.

У.Ю. Саттаров - “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын №3 кварталдык комитетинин төрагасы


          - Фергана, Байтемиров, Курчатов, Илийский, Д. Бедный, Алтыбаев, 

          Юбилейный көчөлөрүн жана Төлөйкөн тар көчөсүн асфальтоо маселелери 

           каралабы?

39.

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун №16 көчөсүнүн тургундары.

  • №16 көчөнүн 700 метр аралыгын асфальтоо;
  • Таза суу маселесин чечүүдө насос коюу маселелери боюнча?


40.

Э.Осекова -  “Демилгелүү аялдар коомунун өкүлү, шаар тургуну

       - Жаш балдарга жана аялдарга карата зомбулукту болтурбоо маселесин ишке 

         ашырууда бул багыттагы иш аракеттерди КР мыйзамдарынын чегинде ишке 

         ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаттары каралганбы?


41.

Капарова Жамийла - шаар тургуну.

Сунуш:

  • Шаарда бузулуп кеткен тротуарларды калыбына келтирүү;
  • Бак-дарактарды суугаруучу ирригациялык системаларды калыбына келтирүү;
  • Шаар жолдорундагы жол сызык белгилеринин абалын

жакшыртуу.


42.

Расаходжаев Саидолимхон - “Интербилим” коомдук уюмунун өкүлү


  • Шаардын борборундагы кээ бир көчөлөр Карасуу районуна карагандыгына байланыштуу Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен кош каржылоо программасынан жардам алууга мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан районго караштуу жерлерди Ош шаарынын курамына алуу иштерин жүргүзүү боюнча кандай аракеттер болууда?




43.

Салайдинова Мадина.  “Новый Ритм”коомдук уюму.

  • Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинде жаштарды ар тараптан өнүктүрүү боюнча окутуу программаларына акча каражаттарын кароо, жаштарды шаардын өнүгүүсү жөнүндөгү чечимдерди  кабыл алуу процессине тартуу маселелери кандай жолго коюлууда?


44.

Ош шаарынын Черемушка кичи районунун жашоочулары


  • №20 Раззаков атындагы мектебинин жаңы имаратынын курулушуна быйылкы 2020-жылдын бюджеттинен акча каражаты бөлүнгөнбү? Мектептин курулушу жаңы окуу жылына карата аягына чыгарылабы?


45.

Расулов Нурулло, Абдуллаев Икрам - “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары 


  • “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынан Амир-Темур аймагын тазалоо боюнча  4 шттатык бирдикти бөлдүрүп берүүгө болобу?
  • Аймактын негизги жолун кеңейтүү маселесин чечсе болобу?



Эскертүү: Маалымат стенограмманын жана жазуу түрүндө берилген суроолордун жана сунуштардын чегинде редакцияланды


Жалпылаган: Ош шаардык Кеңеши (М.Раманов, 5-57-48)

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)