Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ошто Орозо айт намазына миңдеген адам катышты

Ошто Орозо айт намазына миңдеген адам катышты

21 апрель 2023, Пятница
405
0

    

     Бүгүн 21-апрель күнү Ош шаарында ыйык Орозо айт намазы Борбордук аянтта окулду. 

     Иш чарага шаар жетекчилери катышып, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков жалпы           момун мусулмандарды ыйык орозо айт майрам менен куттуктады.

    “Орозо айт биз үчүн өзгөчө майрам болуп эсептелинет, анткени бул майрам ар бирибизди                          кайрымдуулукка,   кечиримдүүлүккө, сабырдуулукка, чынчылдыкка, адептүүлүккө, ыймандуулукка чакырган  майрам.Ылайым жаман сөздөн, көңүл кирдеткен жаман окуялардан алыс бололу. Жараткан ар бир үйгө ден соолук, токчулук жана бакубат жашоо ыроолосун”- деди Салман Назылбеков. 

     Айт намазды шаар жетекчилери калаа тургундары менен бир сапка тизилип окушту. 

     Мындан сырткары шаардын башка мечиттеринде да айт намазы окулду




Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)