Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Убактылуу комиссиянын отуруму болуп өттү

Убактылуу комиссиянын отуруму болуп өттү

25 апрель 2023, Вторник
366
0


Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы кезектеги XV сессиясынын №94 токтомунун 4-пунктун аткаруу максатында Ош шаарынын Набережный көчөсүнүн 2 “А” дарегинде муниципалдык шартта курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынан жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн убактылуу комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумга Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жана аталган даректеги муниципалдык ипотекалык шарттагы көп кабаттуу үйдү куруп жаткан “Дельта-Лот”курулуш компаниясынын өкүлдөрү катышышты. 

Убактылуу комиссиянын мүчөлөрү тарабынан көп кабаттуу үйдүн курулушу боюнча сын-пикирлер айтылып, убактылуу комиссиянын ушул жылдын 2-майында өтүүчү кезектеги отурумуна чейин, бул курулуш боюнча кошумча маалымат берүү жагы тиешелүү жактарга тапшырылды.






Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)